Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 29.03.2017 15:33

Таластык окуучулар республикалык олимпиадада 2-орунду ээледи

Turmush -  Бишкек шаарында окуучулар арасында өткөн республикалык предметтик олимпиадага Талас облусунан 35 окуучу катышып, облустар арасында 2-орунду ээлешти. Бул тууралуу Талас билим берүү усулдук борборунун директору Табылды Тилекматов билдирди.

Анын айтымында, «Манас ата-Себат» балдар лицейинен Мелисов Даян (11-кл) биология сабагынан, Батырбеков Ильяз (10-кл), Автандил уулу Саиддин (11-кл) химия сабагынан, Чикетаев Бегалы (11-кл) математика сабагынан, Ч.Айтматов атындагы орто мектептен Каныбекова Айзат (10-кл) кыргыз тили жана адабият сабагынан, В.Ленин атындагы орто мектептен Турдукулов Алым (11-кл) физика сабагынан республика боюнча 1-орунду ээлешкен.

Ал эми, 2-орунга Талас шаарындагы Р.Рысакова атындагы орто мектептин окуучулары Нуралиева Алтынай (10-кл), Садырбаев Бекзат (11-кл) англис тилинен, Назаркулова Бермет (11-кл) биология сабагынан, «Манас ата - Себат» балдар лицейинен Жунузалиев Азат кыргыз тили жана адабият сабагынан, «Мээрим Себат» кыздар лицейинен Мысакулова Айша (10-кл) англис тили сабагынан ээ болушкан.

Ошондой эле, Т.Бабанов атындагы лицейдин окуучусу Айбек кызы Мунаржан (11-кл) орус тили жана адабияты сабагынан, «Мээрим Себат» кыздар лицейинин окуучусу Айзат Урманбетова (10-кл) биология сабагынан 3-орунду ээлешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×