Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 29.03.2017 18:12

Таластын кыздары үлпөт тойдогу көйнөккө, жигиттер нике шакектерге канча каражат кетирет?

Turmush -  Талас шаарында кыздардын үлпөт көйнөктөрүн 1 күнгө ижарага алуунун акысы орто эсеп менен 15 миң сомду түзөт.

Үлпөт көйнөктөрдү сатып, ижарага берүү менен алектенген ишкер айым Нурила Турусбекованын айтымында, аталган 15 миң сомдун ичинде кыздын чач жасалгасы, макияжы, бижутериялары жана гүлдесте кошо болот.

Үлпөт көйнөктөр Бишкек шаарынан алынып келет. Алардын эң кымбаты 25 миң сомду түзсө, эң арзаны 8 миң сомду түзөт. Ал эми кыз көйнөктү сатып алууну кааласа кездемесине жараша 25 миң сомдон 36 миң сомго чейин бааланат.

Ал эми, нике шакектердин эң кымбаты 12 миң сом. Шакек сатуучу Айгүл Рысбаеванын айтымында, шакектердин эң арзаны 3 миң сом. Кымбат шакектер Россиядан, арзандары Бишкек шаарынан алынып келет. Шакектердин баалары металлдын баалуулугуна жана жоон-ичкелигине жараша коюлат.

«Эң кымбат шакекти 1 жыл мурун 22 миң сомго саткам. Учурда шакектердин кымбаты 12 миң сомдон», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×