Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусу, Талас 03.04.2017 13:33

Таласта мейман үйлөрүн өнүктүрүү демилгеси талкууланды

Turmush -  Таласта «Айылдык мейман үйлөрү — Талас облусундагы туризмди өнүктүрүүнүн келечектүү багыты» жыйыны өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага коомдук фонддор, жергиликтүү бийликтин, туристтик ишканалардын өкүлдөрү, серепчилер катышты. Жыйын орто бизнести колдоого, жаңы жумуш орундарын түзүү жолдорун талкуулоого, Талас облусунун туристтик жагымдуулугун көтөрүүгө өбөлгө болгон жергиликтүү жамааттардын сервистик тейлөө чөйрөсүндөгү техникалык потенциалын күчөтүү, ошондой эле туризмге арналган айылдык мейман үйлөрүн түзүүнү демилгелөө жана аларга техникалык колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×