Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусу, Талас 03.04.2017 13:53

Таласта Жерүй кенин иштете турган ишкананын жетекчиси элге маалымат берди

Turmush -  Таласта алтын кен иштеткен «Альянс Алтын» ишканасынын директору М.А.Шубин облус элинин алдында отчет берди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Шубиндин айтымында, 2015-жылы Жерүйдү иштетүүгө россиялык «Востокгеолдобыча» ишканасы укук алып, ишкана эреже боюнча кыргыз мамлекетине алгачкы бонус катары 100 млн доллар берген. Анын эсебинен Талас облусуна 170 млн сом, Талас районуна 170 млн сом жана Жерүй кени жайгашкан Бекмолдо айыл аймагына 170 млн сом которулуп, бул каражатка атайын өнүктүрүү фонддору түзүлгөн. Ошондо эле, Талас облусунда 6 мектептин курулушу жүрүп, Талас районунун айыл өкмөттөрүнө айыл чарба техникалары сатылып алынып, 4 МТС ишке кирип, облустун райондорунда спорттук комплекстер, кичи футбол аянтчалары курулуп, пайдаланууга берилген.

Ошондой эле, кенди иштетүүдө жер ресурстарына, абага, флора жана фауна, суу ресурстарына терс таасирин төмөндөтүү боюнча бир катар чаралар аткарылат. Мисалы иштерди долбоорлонгон аянтчалардын чегинде гана аткаруу, жолдордун жана катуу минералдык үймөктөрдүн чаңын басуу, кызыл китепке жазылган өсүмдүктөрдү изилдөө жана аларды коргоо, жаныбарларды кокустуктардан сактоо үчүн өнөр жай аянттарын тосмолоо жана башка экологияны таза сактоо иш-аракеттери жүргүзүлөт. «Альянс Алтын» ишканасы Талас районунда каттоодон өтүп, өткөн 2015-2016-жылдардын аралыгында эле аталган райондун бюджетине 404 млн 859 миң 308 сом салык төлөнсө, 6 млн 621 миң сом Соцфондго чегерген.

«Жерүй» долбоорунун ишке ашырылышына арналган жыйынга Талас облусунун жетекчиси Дайыр Кенекеев, «Русская платина» ишканасынын директорунун орун басары А.Х.Бажаев, «Альянс Алтын» ишканасынын жетекчилери, республикадан айлана-чөйрөнү коргоо, экология маселелери боюнча тийиштүү жетекчилер келишип, эл тарабынан берилген суроолорго жоопторду берип, өз ойлорун, сунуштарын ортого салышты.

Учурда Жерүй кенин иштетүү иштери азырынча баштала элек. Азыркы учурда кенге бара турган жолдорду оңдоо жана башка даярдык иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×