Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуБакай-Ата району 04.04.2017 08:09

Бакай-Атадагы 2 мектептин окуучулары билим боюнча күч сынашты

Turmush -  Кечээ, 3-апрелде Бакай-Ата районунун Бейшен Сатыбеков атындагы орто мектебинде эки мектептин окуучуларынын арасында олимпиада өттү. Бул тууралуу мектептин мугалими Уулкан Садабаева билдирди.

Анын айтымында, Чалдыбар мектеп-гимназиясынын жана Б.Сатыбеков мектебинин 2-3-4-класстарынын окуучуларынын арасындагы олимпиада математика, орус тил, жат жазуу, сүрөт сабактарынан уюштурулуп, ага 20 окуучу катышты. Иш-чара окуучулардын сабактарга болгон кызыгуусун арттыруу максатында өткөрүлдү.

Жыйынтыгында Чалдыбар мектеп-гимназиясынын окуучулары 1-орунду ээледи. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×