Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуКара-Буура району 07.04.2017 08:56

Таласта сүт иштеткен ишкерлердин жыйыны өттү

Turmush -  Кечээ, 6-апрелде Талас облусунун Жаш ишкерлер ассоциациясы Кара-Буура районунда сүт тармагында иш алып барган ишкерлер менен биргеликте «Сүт багытындагы чакан фермаларды куруу — Талас облусунун экономикасынын өнүктүрүүдөгү алдыңкы тармактардын бири» жыйынын өткөрдү.

Иш-чаранын алкагында облуста алдыңкы тармактардын бири болгон сүттү кайра иштетүү, чакан фермаларды куруунун шарттары жана анын айланасындагы негизги маселелер талкууланды.

Жыйында айтылгандай, сүт багытындагы симменталь породасындагы уйду Белоруссиядан алып келип бакса күнүнө орточо эсеп менен 30 литр сүт берип, 1 айда 900 литр сүт алууга болот. Орточо эсеп менен сүттүн литри 15 сомдон сатылса, 13 миң 500 сом болот. Бир уй бир күндө 200 сомдун айланасында тоют жейт. Чыгашаны алып салганда 7500 таза киреше болуп саналат. 2 жаштагы сүт берип жаткан уй жол акысы менен 180 миң сомдон сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×