При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

Айыл турмушу: Таластык Ж.Байтиков мал чарба иштетип, 20 үй-бүлөнү иш менен камсыздады (фото)

Turmush -  Манас районунун Покровка айылынын 52 жаштагы тургуну Жанарбек Байтиков айылда 20 үй-бүлөнү туруктуу иш менен камсыз кылууда. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, мал чарба, дыйкан чарба жана үрөнчүлүк чарба иштетет.

«Ишкерчиликти ата-энемден калган малды көбөйтүүдөн баштадым. 2007-жылы бир туугандар биригип кооператив түзүп, азыр ошону менен алек болушууда. Бүгүнкү күндө 1500 кой, 100гө жакын жылкы, 50 дөн ашык уй бар. Буларды сарайларга бөлүп кармайбыз. Өзүбүз жетишпегендиктен 20 үй-бүлөнү жумуш менен камсыз кылып жатабыз. Сезон убагында 35-40 үй-бүлө иш менен камсыз болушат. Алар малды жакшы карайт. Быйыл 1500 койдун 30%ы эгиз тууду.

Насыя аркылуу керектүү техникаларды алып жатабыз. Жалпысынан 3 трактор, эгин оргон 2 комбайн, кызылча сепкен жабдык жана башка техникаларабыз бар», - деди ал.

Ишкер буга катар эле балдары айыл чарба тармагында илим алып жатышкандыгын кошумчалады.

«Бир балам юридика академиясын аяктаган. Бир уулум айыл чарба институтунун ветеринария адистигин аяктады. Кенжеси болсо мелиорация тармагында окуп жатат. Иним механизатор, ал техника жагын карайт. Ошентип өзүбүзгө керектүү адистерди даярдадык», - деди Ж.Байтиков.

2016-2017-жылы 340 гектарга күздүк буудай, 20 гектарга жаздык буудай жана 60 гектарга арпа себүү пландалган. Аба ырайы ачылса аталган иштер аткарыла баштайт.

«Эгин, пияз, кызылча, жер-жемиштин барын эгебиз. Түшүмдү өзүбүз жана бизде иштегендер колдонушат. Жумушчулардын тамак-ашы бекер, бизден берилет», - деди ал.

Ишкер 3 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 734
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу