Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуБакай-Ата району 24.04.2017 14:10

Боо-Теректеги жатак лицей 6 млн сомго оңдолду (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын №41 лицейи 6 млн сомго оңдолду. Бул тууралуу лицейдин директору Куттубек Осмонбеков билдирди.

Анын айтымында, аталган каражат мамлекет тарабынан бөлүнгөн. Окуу жайда 115 окуучу билим алып, 50 мугалим эмгектенет.

«Негизи бул окуу жайда шарт жок болгондуктан быйылкы жылы оңдоп-түздөө ишин бүтүрдүк. Жатаканабызда муздак суу ысык суу орнотулуп, жатып окуган 60 окуучуга шарт түзүп бердик. Сабак өтүүчү техникаларды камсыздадык. Кийим тигүүчү машиналар, оверлоктор жана ширетүү техникаларын орнотуп бердик», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×