Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуКара-Буура району 25.04.2017 10:51

Таластык окуучулар «Манас таануу» таймашында 1-орунду багындырды

Turmush -  Таластык окуучулардын «Ак тилек» командасы 18-23-апрель күндөрү Бишкекте өткөн «Манас таануу» интелектуалдык таймашынын республикалык турунда 1-орунду багындырды. Бул тууралуу Талас усулдук билим берүү борборунун директорунун орун басары Б.Өмүрканов билдирди.

Маалыматка караганда, республикалык сынакка жалпы 31 команда катышты. 23-апрелдеги финалда Нарын облусу баш байгени алса, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Т.Бабанов атындагы лицейдин окуучуларынан түзүлгөн «Ак тилек» командасы 1-орунду ээледи.

Уткан командалардын 6 окуучусуна жана даярдаган мугалимине бирден ноутбук ошондой эле, Ысык-Көлгө 10 күнгө эс алууга жолдомо ыйгарылып жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×