Turmush - Манас районундагы «Бала-Саруу» коругуна 5 жылдык план боюнча 5 гектар жерге 11 миң даана кара жыгач көчөтү отургузулууда. Бул тууралуу райондук токой чарба бөлүмүнүн жетекчиси Мирбек Бекмурзаев билдирди.
Анын айтымында, кара жыгачтын уругу майдан баштап апрелге чейин алынат. Кичинесинен 1-3 кг алынса, чоңдорунан 5-6 кг чейин алынып, уругу жерге 1,5 см тереңдике тигилет. Жалпысынан коруктун аянты 227 гектар. Анда кара тал, арча, бадал, мырза терек, кара жыгач жана башка дарактар өсөт.