Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: М.Накаев 6 жылдан бери сөөлжандарды багып, дыйканчылыкка пайдаланып жатат (фото)

Turmush -  Талас районунун Кууганды айыл аймагынын тургуну Муса Накаев 6 жылдан бери сөөлжан багып, андан иштетилген биогумусту чарбакта өстүргөн айыл чарба өсүмдүктөрүнө колдонот. Аймактык кабарчы дыйкандан кабар алды.

Анын айтымында, биогумусту бак-дарактардын түбүнө, жашылча-жемиштерди сугарууда суу аркылуу берип, жакшы түшүм алып жатат. Сөөлжандарга атайын жер даярдап, алгачкы жылдары малдын кыгына көмүп коюшкан. Азыркы тапта малдын кыгынан тышкары калдыктарды, жемиштердин кабыктарын дагы кошуп коёт. Акырындап сөөлжандар чириндиге айланган кыктарды биогумус катары өндүрүп чыгат.

Муса Накаев учурда биогумуска айыл тургундарынан дагы суроо-талап көп болуп жаткандыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1099
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×