Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусу, Талас 01.05.2017 09:47

Таласта чоңоюп, Баткенде иштеп жаткан жаш мугалим Мээрим менен маек

Turmush -  Аймактык кабарчы Таласта чоңоюп, Баткенде география сабагынан мугалим болуп эмгектенип жаткан жаш мугалим Мээрим Койчуман кызы менен маектешти.

- Мээрим, өзүңүз тууралуу маалымат берип өтсөңүз.

- Мен Талас шаарында туулгам. Таластагы Сагын Абдуллаев атындагы мектепти 2010-жылы аяктап, Талас мамлекеттик университетинде география адистиги боюнча билим алдым. Жогорку окуу жайды бүткөн соң алгачкы эмгек жолумду Баткен жергесиндеги «Сапат» билим берүү мекемесине караштуу Исхак Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинде баштадым. Бул жакта иштеп жатканыма быйыл 2 жылдын жүзү болду.

- Үй-бүлөдө канча бир туугансыз? Ата-энеңиз туурасында айтсаңыз.

- Үй-бүлөдө 4 бир тууганмын. Ата-энем жеке ишкерлик менен алектенишет. Эжем үй-бүлөлүү, иним учурда Түркияда билим алып жатат. Эң кичүүбүз да жогорку окуу жайлардын биринде билим алууда.

- Бала кезде ким болууну кыялданчу элеңиз?

- «Дүйнөдө түгөнгүс бактылуулук жок, бирок бактылуу мүнөттөр бар» дегендей, өмүрдүн эң кызык, кайгы-капасыз, эч нерсени ойлонбой, оюнга тойбой жүргөн эң бактылуу кез балалык болсо керек. Ырчы болсом деп кыялданчумун. Кичинекей балдарды чогултуп, концерт койгон күндөр эсимде.

- Хоббиңиз эмне?

- Саякаттоону абдан жакшы көрөм. Бош убактымда китеп окуйм. Мектеп курагында комуз ийримине барчумун. Убактым болгондо кол ойнотуп калам.

- Талас менен Баткен жергесинин айырмасы бар бекен?

- Албетте, ар бир дубандын өзүнчө өзгөчөлүгү бар. Каада-салттарында, конок тосуудагы өзгөчөлүк бар. Дыйканчылыкты жакшы өздөштүрүшкөн. Байкашымча чакан жер тилкелер да бош калбайт. Мөмө-жемиш, жер-жемиштин да түрүн көрүүгө болот. «Бир күн туз таткан жериңе миң күн салам айт» дегендей, Баткен алгачкы эмгек жолум башталган жер катары эсимде кала берет.

- 10 жылдан кийин өзүңүздү кайсы чөйрөдөн көрө аласыз?

- «Пенденин оозунда кудайдын кулагында» дегендей ушул эле тармактын мыкты адиси, окуучуларымдын мыкты болушуна, өлкөнүн өнүгүшүнө салымымды кошкон инсандардан болсом деген тилектер бар.

- Окуучуларыңыздын жетишкендиктерине токтолсоңуз.

- Окуучулардын жетишкендиктерин көрүү сыймык. Биздин лицейдин окуучулары тил үйрөнүү жагынан, так илимдер жагынан, менталдык арифметика, ошондой эле маданий жактан да бир топ ийгиликтерди багындырып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×