Turmush - Кара-Буура районунун Тамчы-Булак айылындагы мектептин 8-классынын окуучусу Данияр кызы Мейкин комузу менен сынактарга катышып, ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы комузчу кыздан кабар алды.
Өзүнүн айтымында, 5 жылдан бери комуз чертет. Учурда Эшенаалы Сейитбек атындагы орто мектепте окуйт.
«Кичине кезимден бери комуз менен күү черткенди жакшы көрчүмүн. 3-класста Бапышов Бакыт агайым комуз ийримин ачып, кыздар тобун топтой баштаганда классташ кызым экөөбүз катышып калганбыз. Ошол учурдан азыркы убакка чейин сынактарга катышып, ийгиликтерди жаратып келем. Мен көбүнчө Токтогулдун күүлөрүн чертем. Бош убагымда күүгө салып ырдап эс алам», - деди ал.
Мейкин үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу.