Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Айыл турмушу: Таластык Т.Сариева кыздардын себин даядаган цехте 8 адамга иш орун түздү (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын 56 жаштагы тургуну Талимкан Сариева кийим тиккен цех ачып, 8 адамды иш менен камсыз кылды. Аймактык кабарчы ишкер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кызыл-Адыр айылында ачкан цехти 5 жылдан бери иштетип, кыздардын себин даярдашат.

«Бул цех ачылганга чейин 3-4 кыз-келин Кызыл-Адырдан Чолпонбайга барып, менден үйрөнгөнү боюнча кийимдерди тигишчү. Алар такшалган соң сунуш киргизишти. Андан улам Кызыл-Адыр айылында цех ачылып, 5 жылдан бери 8 адам иштеп жатабыз. Бүгүнкү күндө элдин 90%ы септи өз колу менен тигишпейт. Бизге буйрутма келет, биз даярдап беребиз. Эң кымбаты махабат жуурканы 4500 сом турса, жер төшөктөрдүн баасы 1000-3000 сомду түзөт. Заман талабына ылайык буйрутма менен шырылып тигилген чепкен, кемселдерди, көйнөктөрдү тигип даярдайбыз», - деди ал.

Чебер айым буга катар эле, кол өнөрчүлүк ага апасынан өткөндүгүн кошумчалады.

«Өзүм орто мектепти аяктаган соң №17 кесиптик лицейдин токуу бөлүмүндө окугам. Ал эми уз-чеберчилик апамдан өткөн. Кыз кезимден кызыккан кол өнөчүлүгүм элдин керегине жарап жатканына кубанам», - деди Т.Сариева.

Чебер-ишкер айым 1 уул, 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 589
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу