Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Талас

Таластын Аманбаев айылында Нооруз майрамы 1-майда белгиленди

Turmush -  Кара-Буура районунун Аманбаев айыл аймагынын тургундары Нооруз майрамын 21-мартта эмес, кечээ, 1-майда белгилешти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылда Нооруз майрамы күн толук жылып, айлана жашыл чөпкө оронуп калганда белгиленет. Бул жылы Нооруз, 1-май — Эмгекчилердин майрамы менен кошо белгиленди.

Майрамда ар түркүн тамак-аштар жасалып, аркан тартыш, чака чапмай сыяктуу оюн-зооктор уюштурулуп, жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылды. Элдик салт боюнча 4 наристенин тушоосун кесүү салтанаты да белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1826
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×