Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Таластык Н.Асымбаев 5 жылдан бери биогумус багып, жер семирткич өндүрүп жатат (фото)

Turmush -  Талас районунун А.Огомбаев айылынын 52 жаштагы тургуну Нурланбек Асымбаев 5 жылдан бери биогумус багып, иштелип чыккан кыкты жер семирткич катары пайдаланууда. Аймактык кабарчы дыйкан менен таанышты.

Анын айтымында, биогумустар малдын кыгы, кашек, чириген жалбырактардын арасында багат. Биогумус жер семирткичи азыркы убакта дыйкандар колдонуп жүргөн селитрадан 4 эсе күчтүү болот. Жердин асылдуулугун жогорулатып, түшүмдүүлүгүн арттырат.

«Мен дыйканчылык, багбанчылыкка абдан кызыгам. Өзүм эккен эгин, жашылча-жемиштердин барына биогумус жер семирткичин колдоном. Түшүмдүүлүгү жакшы. Былтыр картошканы эксперимент катары колдонуп көргөм. Биогумус кошулган жерден картошка 1 жума эрте өнүп чыккан жана 10-20 см бийик болуп, түшүмдүүлүгү 2 эсе көп болгон», - деди ал.

Сөөлжандар бир күндө 10 грамм чиринди жейт. 6 айда бир чиркегич чириндини иштетип, биогумус жер семирткичин берет. Сөөлжандар айнек, желимдер, талдын бутактары, таштан башкасын барын жейт.

«Сөөлжандар тамактанып, чиринди иштетип жатканда башка курт-кумурсалар жолобош үчүн кир жууган сууну 1 айда 3-4 жолу куюп коебуз», - деди дыйкандын жубайы Гүлмира.

Жубайлар өндүрүлгөн биогумусту быйыл сатыкка чыгарып, 1 кг 10 сомдон баалап жатат. Бул убакка чейин 1 тоннага жакыны сатылган.

«Базарга алып чыккан учурда элде биогумус тууралуу маалымат болбогондуктан кээде «токойдон алып келинген кык, алдап сатып жатасыңар» деген сөздөр айтылууда», - деди Нурлан Асымбаев.

Үй-бүлө мындан тышкары багбанчылык жана бал аары багуу менен да алектенет. Быйыл алмуруттун 100 түп көчөтүн жана малинанын да жаңы сортторун отургузду.

«Аары бакканыма 10 жылдан ашты. Учурда 22 бал челек бар. Бир ящикте 1 үй-бүлө жашайт. Бир ящиктен 22 литрге чейин бал алынат. Бир сезондо 1 тоннадан ашык бал жыйналат. Айыл тургундары эле алып кетишет. Балдын биринчи топтолгону 300 сомдон сатылса, экинчи, үчүнчү жолу топтолгону 250 сомдон сатылат», - деди Асымбаев.

  Жубайы экөө 4 уул, 1 кызды өстүрүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2223
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×