Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Талас

Улуу Жеңишке 72 жыл: 93 жаштагы Анатай ата согуштагы күндөрдү көзүнө жаш алып эскерет (фото)

Turmush -  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Анатай Асанов бул жылы 93 жашка толду. 54 небере-чөбөрөнүн чоң атасынан Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабар алды.

А.Асанов Кара-Буура районунун Бакыян айылында 1924-жылы туулган. Өзүнүн айтымында, душмандарга каршы туруу үчүн 1941-жылы 13-августта согушка жөнөтүлгөн.

«599-гвардиялык полкто катардагы солдат кызматын аткардым. Каардуу согуш уланып жатты. Күндөрдүн биринде согуш тааласында оң колума ок тийип, 4 ай бою ооруканада жатып калдым. Оорудан айыккандан кийин кайрадан думшмандар менен салгылашууга жөнөтүлдүм. Берлиндин көп аймагын алууга өз күчүмдү жумшадым. 1945-жылы 9-майда жеңишке жеттик. Согуш аяктап, элиме келгенде жубайым Асанова Айчага баш кошуп, 3 балалуу болдук», - деди ардагер ата.

Ал учурда кичүү уулу Сагынбай Асановдун колунда. Айылдаштары атамды ардагер катары сыйлап, сыймыктанып турушат, деп кошумчалады уулу.

«Атамдын ден соолугу жакшы. Согуш мезгилиндеги күндөрдү эстеп, көзүнө жаш алып калат. Майрам сайын куттуктап, абалын сурап келгендер көп. Апам 10 жыл мурун каза болгон. Учурда атам 54 небере-чөбөрөнүн сүйүктүү чоң атасы», - деди С.Асанов.

Тема боюнча:

24.04.2017Улуу Жеңишке 72 жыл: 15 баланын атасы К.Жакшылыков Маньчжурияда чалгынчы болгон (фото)
24.04.2017Улуу Жеңишке 72 жыл: Сокулукта төрөлгөн Г.Пантелеев немистердин ок атып жаткан 2 түйүнүн талкалап, 6 душманды колго түшүргөн (фото)
25.04.2017Улуу Жеңишке 72 жыл: Түптүн Ак-Булуң айылында согуштун жана ооруктун бирден ардагерлери калды (фото)
25.04.2017Улуу Жеңишке 72 жыл: Жумабай атаны жашын чоңойтуп документин жасап, согушка кетирип жиберишкен (фото)
27.04.2017Улуу Жеңишке 72 жыл: Сулайман атанын согушта ок тийген колу азыркыга чейин ооруйт
04.05.2017Улуу Жеңишке 72 жыл: Жумабай ата согушта фельдмаршал Ф.Паулюс баш болгон 32 миң душманды колго түшүрүүгө катышкан (фото)
04.05.2017Улуу Жеңишке 72 жыл: 94 жаштагы ардагер А. Батыровго И.Раззаков мотоцикл белек кылган (видео)
05.05.2017Улуу Жеңишке 72 жыл: Сасык-Булактагы жалгыз ардагер К.Молдалиев 9-классында согушка аттанып, 7 жылдан кийин кайткан (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1521
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×