При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 29-июнь
68.92    77.55    1.17    KZT 0.21

Талас районунда «Өлбөс полк» жүрүшү өттү (фото)

Turmush -  Талас районундагы Шабданбек Жумагулов атындагы лицей-интернатында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата салтанаттуу жүрүш өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Анда коноктор тарабынан куттуктоо сөздөрү айтылып, окуучулар өздөрүнүн чоң аталарынын сүрөттөрү менен «Өлбөс полк» жүрүшүн жасашты. Андан сырткары, аскердик күндөрдөн сахналаштырылган сценкалар көрсөтүлдү.

Иш-чарага Талас районунун акими Бакыт Нуржанов, Талас облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Мүнүр Мамбеталиев, лицей-интернаттын директору Жаныш Жанузаков, ардагерлер жана окуучулар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 461
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×