При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Чат-Базардагы сейил бакка көчөттөр отургузулду

Turmush -  Бүгүн 8-майда Талас районунун Чат-Базар айылында Советтер Союзунун баатыры Асанбек Оторбаев атындагы сейил бакка дарак көчөттөрү тигилди. Бул тууралуу Талас райондук администрациянын аппарат жетекчиси Марат Ниясалиев билдирди.

Анын айтымында, сейил бакты жашылдандырууга ардагерлер, айыл аксакалдары, облус жетекчелери катышты. Алар жалпы 400 түп роза гүлүн, 20 түп алма, 20 түп Тянь-Шань карагайын отургузушту.
Андан кийин окуучулар тарабынан «Өлбөс полк» жүрүшү уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 306
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×