При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Улуу Жеңишке 72 жыл: Араке ата маршал Г.Жуковдун командасында кызмат өтөгөн (фото)

Turmush -  Таластык 92 жаштагы ардагер Арстанбеков Араке ата Улуу Ата Мекендик согушта маршал Г.Жуковдун командасында кызмат өтөгөн. Аймактык кабарчы аксакалдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 1926-жылы Кара-Буура районунун Бакыян айылында туулган. Мектепте 7-класска чейин билим алып, андан кийин согушка аттанган.

«Биздин айылдан 12 баланы Алматага окууга жиберди. Ал жерден бизге ок атканды, курал кармаганды үйрөтүп 3 ай окутушту. Андан ары Белорусия фронтуна Г.Жуковдун командасына кошуп беришти. Жеңиш кыйынчылык менен келди. 1945-жылы 3 ай Берлин шаарында болуп жеңишке жеттик. Нечен деген эр-жигиттер мекен үчүн жанын беришти. Биздин айылдан эки жигит окко учуп, онубуз аман кайттык», - деди ал.

Араке ата 1957-жылы жубайы Арстанова Райкан апа менен үй-бүлө куруп, 7 балалуу болушкан.

«Түтүн булатканыбызга 70жыл болду. 70 жыл ичинде ачарчылык-токчулукту баштап өткөрүп, азыркы учурда небере-чөбөрөлөрүбүздүн амандыгын тилеп отурабыз. 35 неберебиз 32 чөбөрөбүз бар. Азыркы тапта небере уулум Султанмураттын колунан ысык чай ичип отурган кезибиз. Мекенибизде, элибизде тынчтык болсо баары болот», - деди ардагер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 351
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×