При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Манас районунда согуштун 5 ардагери жашап жатат (фото)

Turmush -  Согуштун Манас районундагы ардагерлерине акчалай белектер тапшырылды.

Район жетекчилеринин маалыматына караганда, Манас районунан согушка 12 миң 27 жоокер аттанып, анын 711и кайтып келген. Бүгүн аталган райондо 5 ардагер жашап жатат. Алардын улуусу 97 жашта.

Манас районунун Кайыңды айыл аймагынын жашоочусу Асан Жуманов 1943-жылы согушка аттанып, №140 аткычтар взводунда кызмат кылган. Согуштан кайткан соң агартуу тармагында эмгектенген.

Жанбүбү эне согуш жылдарында оорукта эмгектенген.

«Фронт үчүн күнү-түнү эмгектендик. Өтө эле оор жылдарды баштан өткөрдүк. Жумушка жарамдуулардын баары согушка кетип, айылда энелер, кемпир-чалдар, жаш наристелер менен эле калдык. Бирок, жеңиш үчүн болгон күчүбүздү аябай эмгектенип, жеңиштин таттуу даамын бирге таттык», - деди ардагер апа.

Райондо бүгүнкү Жеңиш күнүнө карата атайын иш-чаралар уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 250
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×