Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 10.05.2017 16:09

Талас шаарынын биринчи вице-мэри болуп Ч.Мураталиев шайланды

Turmush -  Талас шаарынын биринчи вице-мэри болуп КСДП партиясынан Чыңгыз Мураталиев шайланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, бүгүн, 10-майда Талас шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өтүп, анда шаардын биринчи вице-мэрин шайлашты. Сессияга жалпы 27 депутат катышып, анын талапкерлигин бир добуштан колдоп беришти.

36 жаштагы Чыңгыз Мураталиев кесиби боюнча юрист. Кийин тоо-кен тармагы боюнча билим алган. Эмгек жолун Бишкек шаарындагы ветеринардык лабораторияда айдоочулуктан баштаган. Буга чейин Жерүй кенинде юрист-консультант болуп эмгектенип жаткан.

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×