При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 22-июль
68.85    79.21    1.17    KZT 0.21

Таласта «Мисс 2017» наамын 10-класстын окуучусу жеңди (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакыян айылында «Дүйнөнү сулуулук сактайт» сынагында 1-орунду 10-класстын окуучусу Айданек Акбарова ээледи. Бул тууралуу аймактык кабарчыга сынактын уюштуруучусу Сырга Алымбаева маалымдады.

Анын айтымында, бүгүн өткөн сынакка 8-класстан 11-класска чейинки 12 окуучу кыз катышты.

«12 кызыбыз өздөрү тууралуу айтып, саламдашып, жандуу үн менен ырдап өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында калыстар тобунун баасы менен «Мисс 2017» наамын 10-класстын окуучусу Айданек Акбарова ээледи. 2-орунду ээлеген Назира Субаналиевага «Сахна ажары» наамы берилди. Ал эми калган катышууларга мактоо баракчалары ыйгарылды», - деди ал.

(Сынактын жеңүүчүсү Айданек Акбарова)

111

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1383
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×