При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

Катуу шамал Бакай-Атадагы имараттардын чатырын учуруп кетти (фото)

Turmush -  Кечээ, 10-майда Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл өкмөтүндө болгон катуу шамал имараттардын чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчысы Майрамбек Жумакулов билдирди.

Анын айтымында, саат 4:30 чамасында башталган шамал 15-20 мүнөткө созулуп, Бакай-Ата райондук борборлоштурулган практикалык ооруканасынын, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын чатырын учурган.

Мындан тышкары, кечки саат 20:30 чамасындагы шамалдан улам Мүзүрбек көчөсүндө электр мамысындагы зым үзүлүп, Ынтымак жана Түйтө айылдарында жарык өчкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 755
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу