Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Мекендештер: Чемпион мушкер Т.Сейталиев Москвада иштеп, айылына спорт зал салдырууда (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Чоң-Кара-Буура айылында өскөн 31 жаштагы мушкер, Евразиянын, Азиянын чемпиону Талгат Сейталиев учурда Москвада машыгып жатат. Аймактык кабарчы спортчу менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча унаа механиги. 2004-жылы Бишкек шаарында иштеп жүрүп, спорт залга барып машыга баштаган. 2006-жылы айылына кайтып келип, өспүрүм балдарга күрөш боюнча машыктыруучу болуп эмгектене баштаган. Актер Брюс Линин тасмаларын тынбай көрүп, анын кыймылдарын кайталап машыккан. Өзүн ал адамга окшоштуруп, кумир тутат.

«Мен кичине кезимден эле балдар менен күрөшүп, 4-класстан тарта машыга баштагам. Өзүмдүн атам дагы машыктыруучу болгон», - деди мушкер.

Ал спортто ийгилик жаратып келе жатканына 10 жыл болду. Эркин күрөш боюнча спорттун чебери таэквондо, самбо, эрежесиз эр таймаш боюнча эл аралык мелдештерге катышып келет. Мушкерлик боюнча Кыргызстандын 5 жолку чемпиону да болгон. 2009-жылы Евразиянын, 2008-2010-жылдары Азиянын чемпиону, Дүйнөлүк кубоктун жеңүүчүсү болууга жетишкен. Казакстан, Россиянын көптөгөн шаарларындагы мелдештерде жеңишке жетип, 2016-жылы кыргыз мушкери Алмазбек Райымкуловдун сунушу менен Москвага сапар алган.

«Дүйнөлүк аренага чыгуу максатында күчтүү мушкерлер менен таймашып, өзүмдүн деңгээлимди жогорулатуу үчүн келдим. Кыргыстандан бул нерселерге шарттар жок болууда. Менин бул ийгиликтерим ата-энемдики. Себеби мен кайда барып мушташып, машыксам, апам тамак-ашын, чайын көтөрүп алып, мени ар тараптан колдоп жүрдү. Ошол адамдарга ыраазымын.

Алыста жүргөндө өз мекениңди сагынасың. Өз жериңдин суусу, абасы, ташы да кымбат. Мен Кыргызстанды сүйөм», - деди мушкер.

Талгат Сейталиев учурда өзүнүн Чоң-Кара-Буура айылына спорт зал курдуруп жатат. 2008-жылы баш кошкон жубайы Назгүл Чилмергенова экөө 2 уул, 2 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 966
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу