Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуБакай-Ата району 12.05.2017 16:05

Таластагы табып Ж.Абыканова менен маек

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылынын жашоочусу, 2 уул, 2 кыздын энеси Жибек Абыканова бир топ жылдардан бери бейтаптарды көрүп, табыпчылык менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

- Кандайча табыпчылык кылып калдыңыз?

- Мен өзүм 1989-жылдан бери адамдарды дарылап келе жатам. Ошондон бери түрдүү оорулууларга шыпаа берип, колдон келишинче сыркоолордун дени сак сакайып кетишине жардам кылам. Эл көрүп, табыпчылык менен алектенгениме бир окуя себеп болду. 13 жашка чыкканымда катуу оорудум. Бутума тура албай, төшөк тартып жатып калдым. Кыргыз элинде моюнга алыш керек деп коюшат, мен моюнума албай көпкө жүрдүм. Ошентип 1990-жылы гана мойнума алып, айылдаштарымды көрө баштадым.

- Кандай оорулары бар адамдарды көрөсүз?

- Бардык ооруларды көрө берем. Айрыкча экзема, сарык, тери ооруулары, сөөк тамырлары ооруп кыйналгандар көп кайрылышат. Мындан бир топ жыл мурун өзүбүздүн Ак-Дөбө айылынан 70 жаштагы аксакал колкосу ооруп келген. Азыр ал киши чуркап жүрөт. Аны жалаң биоток менен дарыладым. Өзүмдүн жакын акем азыр пенсияда. Азыр 70 жаштан ашты. Акемдин буту экзема болуп, 4-даража болуп кеткен. Теринин жаман оорусу экен. Мен акеме: «аке мага келиңиз, мен сиздин ооруну айыктырам» десем, «мен-мен деген профессорлор айыктыра албаган сен айыктыра алмак белең» деп үйүнөн кууп чыккан. Жаны ооруп, кыйналып турган экен. Кийин көндүрүп, биоток менен дарыладым. Азыр ошол жан эзген оорусунан толук сакайып, мени көргөн жерден «айланайын карындашым, жакшысыңбы?» деп ийилип учурашат.

- Азыр канча киши көрүп жатасыз?

- Азыркы учурда 6 киши көрүнүп жүрөт. Медицина да биле албай койгон сыркоолорду угуп, көрүп жүрбөйбүзбү. Бир кичине кыздын эки колу өзүнөн өзү кыймылдабай калган. Мага келип жүрүп, кичине кыймыл пайда боло баштады. Мен буга абдан сүйүнүп жатам. Негизинен бизди кыл тамырчы деп коюшат. Бул мага биринчиден Алладан, экинчиден ата-бабадан берилген касиет деп ойлойм.

- Сизге келген кардарлардын оорусу айыкпай, күчөп кеткен учурда өзүңүзгө жоопкерчилик аласызбы?

- Бул суроого ооба же жок деп жооп бере албайм. Себеби менин ушул багытта эмгектенгениме 30 жылга чукулдады. Ошол убакытта бир да кардар арызданып же оорусу күчөп кетип келген учурлар болгон эмес. Ажал алдында турган адамдардан 4 адамды айыктырдым.

- Саламаттыкты сактоо министрлигинен кандайдыр бир уруксат кагазын алгансызбы?

- Жок, эч кандай уруксат кагазы жок иштейм. Элдин тандоосу. Медицина айыктыра албагандан кийин оорулуулар айыгыш үчүн издеп келет.

- Бир кардарды толук аяктыруу үчүн канча күн керектелет, канча сом аласыз?

- Суук тийген, кан басымы жогорулап кеткен, кан тамырлар ичкерип, көрүнбөй калгандар болот. Ушул ооруларга 1000 сом, ал эми 4-баскычтагы рак ооруларын дарылоого 5 миң сомдон алам. Бул суммадан жогору ала элекмин. Аяктыруу убактысы ар кандай, 3 күндөн тарта 1 айга чейин созулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×