При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Боо-Теректе «Мен толеранттуу мектепмин» сынагы өттү

Turmush -  Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы Б.Сатыбеков атындагы орто мектебинде «Мен толеранттуу мектепмин» сынагы өттү. Бул тууралуу уюштуруучу Бейшекан Бейшебаева билдирди.

Анын айтымында, сынакта мектеп окуучулары 6 баладан бирден команда түзүп, 31 мамлекеттин атынан күч сынашты. Алар ар бир мамлекеттин тарыхын, улуттук тамак-аштарын көрсөтүп жана бийлерин бийлеп беришти. Жыйынтыгында баш байгени Түштүк Африка мамлекетинин атынан чыккан окуучулар багындырса, 1-орунду Өзбекстандын атынан чыккан окуучулар ээледи. Ар бир мамлекетке акчалай сыйлык жана грамоталар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 237
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×