Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Өзгөрүш айылындагы жолго түнкү чырактар коюлду (фото)

Turmush -  Талас—Тараз—Суусамыр жолунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл аймагы аркылуу өткөн 6,5 км аралыгына түнкү чырактар коюлду.


Өзгөрүш айыл аймагынын башчысы Айгүл Батырбекованын айтымында, өткөн жылдын соңунда бул боюнча атайын долбоо жазылган. Түнкү чырактар 2 млн 276 миң 700 сомго орнотулду.

«Биздин айыл эл аралык трассада жайгашкандыктан жарыктандыруу маселесине өтө муктаж элек. Бул айылдын өнүгүү стратегиясына киргизилген. Эми айыл эли үчүн жакшы саамалык болду», - деди ал.

Коюлган электр чырактар эски чырактарга караганда бир кыйла үнөмдүү жана 1 жылдык кепилдиги бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 866
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу