Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Талас

Таласта токойду суу каптап, ооруканага коркунучу жаралды (фото)

Turmush -  Кечээ, 16-майда Талас дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, токойду каптады. Бул тууралуу ӨКМдин Талас шаардык бөлүмүнүн башчысы, улук лейтенант Мукан Сарыбаев билдирди.

Анын айтымында, аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу мөңгүлөр ээрип, суунун деңгээли көтөрүлдү. Анын натыйжасында токойду суу каптап, оорукананын имаратын каптоо коркунучу жаралды.

«Мындан улам тез арада Талас шаардык жарандык коргонуу тобунан 30 адам жана экскаватор, МТЗ тракторлору тартылып, техника жүрүү үчүн бак-дарактар кыйылып, белгилүү жерге чейин жол ачылды. Андан соң 60 метр суу алып кеткен жерге кум салынган 600 кап коюлуп, суунун нугун бурдук», - деди ал.

М.Сарыбаев белгилегендей, эгерде суунун деңгээли дагы көтөрүлсө, токой жээктеги үйлөрдү суу каптоо коркунучу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 615
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×