Turmush - Бакай-Ата районунун Көк-Таш айылында суу түтүкчөлөрү жаңыланып, Кызыл-Октябрь айылы менен чектеш 3 км жол тегизделди. Бул тууралуу Бакай-Ата №47 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Таалай Султанкулов билдирди.
Анын айтымында, жолдогу суу өтүүчү түтүкчөлөр мындан 40 жылдары мурун салынган.
«Унаалардын каттамынан, эскилигинен улам түтүкчөлөр жерге тартылып чөгүп кеткен. Бүгүнкү күндө Көк-Таш айылынын жолуна колдонулган түтүкчөлөрдү алмаштыруу иштери жасалууда. Жалпы 3 арыка 24 түтүк орнотулду. Ал эми, асфальт капталбаган 3 км жол жамгырдан кийин тегизделди», - деди ал.