При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Чоң-Кара-Буурада маданият үйүн салууга топтолгон акча иштетилбей турат

Turmush -  Кара-Буура районундагы Чоң-Кара Буура айылдагы маданият үйү 5 жылдан бери каралбай жатат. Бул тууралуу маданият үйүнүн мурдагы башчысы Жаныбек Таласбаев билдирди.

Анын айтымында, маданият үйү ашар жолу менен курулуп, андан бери жергиликтүү элдин аракети менен улам оңдолуп келген. 2000-жылдары кайрадан эле ашар ыкмасы менен анын имараты иретке келтирилип, 2007-жылдан тартып мында маданий иш-чараларды өткөрүп келишкен. Бирок 2012-жылдан тарта айылдык маданият үйүнө көңүл бөлүнбөй эшигине кара кулпу илинип калды.

Элеттиктер ӨКМдин адистерине кайрылып, анын имараты жараксыз экендигин тастыктаган маалымдаманы алышып, жаңы имараттын курулушун пландашкан. Ага жумшалчу каражатты ишканалардын бири каржылап, азыр банкта 6,5 млн сом сакталып турат. Жаңы маданият үйүнүн планы түзүлүп, 12,5 млн сомго сметалык баасы түзүлүп, иш башталарда, элеттиктер өз ара бир пикирге келе алышпай, чогулуп калган каражатты маданият үйүн куруу үчүн эмес, таза суу көйгөйүн чечүүгө жумшоо керек дешип талаш маселе жаралган.

Аймакта ичүүчү таза сууга байланышкан маселе бар. Бирок буга чейин АРИС долбоору аркылуу 2 ирет таза суу боюнча иштер жүрүп бирок, 7 миллион сомдон ашык каражат сарпталган иштин жыйынтыгы жок. Айыл эли дале болсо таза сууга жетпей келет.

Дайындалганына 4 ай болгон айыл аймак башчысы Н.Анаркул уулунун айтымында, Кара-Буура айыл аймагынын бюджети 32 млн сомду түзөт. Бул каражат менен чоң аймакта чечүүгө зарыл болгон мындан да маанилүү маселелер көп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 223
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×