Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Манас районундагы Саза каналынан дыйкандарга суу берилди

Turmush -  Манас районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы Саза каналын оңдоо иштери аяктап, дыйкандарга суу берилди. Бул тууралуу «Саза Бай-Суу» федерациясынын жетекчиси Бакыт Асыранкулов билдирди.

Анын айтымында, 1-февралда башталган оңдоо иштерине «Талас» өнүктүрүү фондунан 200 миң сом каражат, ӨКМ тарабынан күйүүчү май бөлүнгөн. Учурда атайын техникалардын жардамында суусу ашып, каналга зыян келтирип жаткан Талас дарыясынын 250 метр жээги бекемделди. Саза каналынан Үч-Коргон айыл аймагынын 2400 гектар үлүш жери сугарылат.

Өткөн жылдагы жаанчыл аба ырайынын кесепетинен улам мындагы суу агып өтүүчү канал жараксыз абалга келип, бир топ кыйынчылыктарды жараткан. Быйыл 3-4 ай аралыгында жасалган иштердин аркасында Саза каналы оңдолуп бүтүп, 20-майда суу берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 572
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×