Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Талас

Баткен окуясында каза болгон таластык жоокер М.Калманбетов эскерилди

Turmush -  Баткен окуясында каза болгон Манас районунун тургуну Максат Калманбетовду эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Анын туугандарынын айтымында, ал Баткендеги коогалаң учурунда 18 жаштагы аскер болгон. 2000-жылы сырттан келген душмандар менен болгон кагылышта жоокердик милдетин аткарып жатып курман болгон. Иш-чарада ага арналып куран окулуп, спорттук мелдештер уюштурулду.

Баткен окуясынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Канат Бакалов аталган коогалаңда өлкө боюнча 54 адам курман болгонун белгиледи.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1188
×