Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуБакай-Ата району 26.05.2017 14:31

Бакай-Атада «Ден соолук кербени» акциясы өтүүдө

Turmush -  Бакай-Ата районунда «Ден соолук кербени» акциясы өтүүдө. Бул тууралуу Бакай-Ата жалпы дарыгерлик практикалык борборунун жетекчиси Жылдызкан Токтосунова билдирди.

Анын айтымында, районго 4 күнгө акушер-гинеколог, кардиолог, невропатолог, педиатр, УЗИ апараты, ЭКГ аппараты, лор, акулист, маммолог дарыгерлер келип, айылдагы тургундарды текшерүүдөн өткөрүшүүдө.

25-май күнү Өзгөрүш, Кашка-Жол айылдарында болуп, 260 адамды көрүштү. Бүгүн, 26-май күнү Шадыкан айыл өкмөтү менен Акназаров айыл өкмөтүнүн элин көрүшүүдө.

Эртең 27-май күнү Боо-Терек айыл өкмөтүндө болушуп, Кыргызстан жана 1-Май айылынын тургундарын текшерүүдөн өткөрүшөт. 28-май күнү Наматбек жана Миң-Булак айылдарынын тургундары келип көрүнүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×