При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Таластык 90 жаштагы Ардак апа себине келген 150 жылдык самоорду сактап келет (фото)

Turmush -  Талас районунун Козучак айылынын 90 жаштагы тургуну Үмөталиева Ардак апа чейин себине келген, 150 жыл жасалган самоорду азыркыга чейин сактап жүрөт.

Өзүнүн айтымында, 2 уул, 3кыз, 19 небере, 28 чөбөрөнүн апасы.

«Беш-Таш жайлоосунунда кыштоодо туулган экем. Кичинекей кезимден эле ата-энемден айрылып 5 кыз жетим калдык. Эжем экөөбүз интернатта 2 жыл окуп, кийин согуш учурунда тылда иштеп калдык. Талас районунун Козучак айылына жиберилип, ошол жактан
чалым экөөбүз таанышып чогуу иштедик. 1945-жылы экөөбүз тең 16 жашыбызда баш коштук. Ошондо улуу эжем сеп даярдап берди. Башкалары бүгүнкү күнгө чейин сакталбаса дагы ушул самоорду «Петрдын самоору» деп бүгүнкү күнгө чейин чай ичип келебиз.

Жаңы үй-бүлө болгондо бир аз эле дүнүйө, оокат менен жашап, жайлоого мал кайтардык. 1951-жылдан 1954-жылга чейин шахтада иштедик. 10 балалуу болуп, бешөөсү ымыркайында эле чарчап калышкан. Жолдошум Үмөталиев Кадыркул 2009-жылы каза болуп калды», - деди Ардак апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1101
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу