При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 23-июнь
68.83    76.88    1.14    KZT 0.21

Таластын 13 мандаттуу Жергетал айылдык кеңешинде 33 талапкер чыкты (фото)

Turmush -  Талас районунун Жергетал айылында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Аталган айылдын №6088 Кызыл-Туу тилкесинде жалпысынан 1918 шайлоочу бар. Саат 11:00гө карата 230 адам добуш берди.

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Рустам Осмонбековдун айтымында, жалпысынан 13 мандат үчүн 33 талапкер катталган.

Айрым жашоочулар бул шайлоо тилкесинде шайлоо өтүп жатканы тууралуу маалымат берүүчү жазуулар жок экенин айтууда.

Бүгүн, 28-майда өлкө аймагында шаардык жана аймактык шайлоо комиссияларында добуш берүү саат 20:00дө токтотулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 459
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×