Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Айыл турмушу: Таластык Ү.Рысбеков Казакстанга 100 сомдон кулпунай сатууда (фото)

Turmush -  Манас районунун Бала-Саруу айылынын тургуну Үсөн Рысбеков үй-бүлөсү менен 2 күндө бир жолу кулпунайдын түшүмүн жыйнап, Казакстандын Жамбыл облусуна сатууда. Аймактык кабарчы дыйкан менен таанышты.

Анын айтымында, 10 сотых жердеги кулпунайдан 15 чака түшүм терет. Жамбыл облусуна анын 1 кг 100 сомдон сатат. Айрым учурда Таластын базарларында сатат. Азыр базарларда кулпунайдын 1 кг 120 сомдон сатылууда. Кулпунайдын «черный принц» аталышындагы сорту май айынан баштап кеч күзгө чейин түшүм берет.

«Анын түшүм берүү убактысы аяктаганга чейин 10 сотых жерден жакшы эле каражат табам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 907
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×