Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Молдо Асан айылында ФАП ачылды (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Молдо Асан  айылында фельдшердик-акушердик пункт ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Район жетекчилигинин маалыматына караганда, ФАПтын имараты өкмөт, АРИС, жергиликтүү калк чыгарган 2 млн 15 миң сомго бүткөрүлдү. Кара-Буура районунда 15 ФАП, 8 үй-бүлөлүк медицина борбору бар.

«Молдо Асан айылында 1500дөн ашык адам бар. Элеттиктер көпчүлүк учурда кан басымы жогорулаганда бул ФАПка кайрылып турушат. 18 жашка чейинки 240 өспүрүм, каттоодо турган кош бойлуу айымдар, жаңы төрөлгөн ымыркайлар дагы бул жайдан эмдөөдөн өтүп, тийишүү жардам алышат. ФАПтын жаңы имараты кошумча жаңы медициналык жабдуулар менен жабдылды», - деди №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун «Жийде» фельдшердик-акушердик пунктунун жетекчиси Нургүл Орозумбетова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 822
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу