При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

«Жеңеке»: Асыл жеңе менен жолдошу Азамат окшош болгондуктан башкалар эгиздер деп ойлошчу

Turmush -  Талас районунун Арал айылына келин болгон 23 жаштагы Шадыканова Асыл жеңе менен жолдошу Азамат экөө окшош болгондуктан, тааныбагандар эгиздер деп ойлошчу. Аймактык кабарчы «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу экөө 2014-жылы таанышкан.

«Экөөбүз Талас мамлекеттик университетинде чогуу окуп, студенттик парламенттин жетекчилигине талапкер болуп ат салышканбыз. Андан кийин ар кандай жыйындарда көрүшүп жүрдүк. Акыры аялдардын укугун коргоо жөнүндө семинарда таанышып калдык.

Биринчи убактарда бири-бирибизди тааныдык десем болот. Андан кийин жолдошум сезимин билдирип, кыз-жигит болгонбуз. Жолдошумдун жөнөкөйлүгү, иштермандыгы, аялзатын, улууларды сыйлай билгенин баалагам. Экөөбүз 2,5 жыл сүйлөштүк. Ээрчишип жүрсөк окшоштугубуздан көптөр «эгизсиңерби?» деп сурап калышчу», - деди ал.

Алардын үйлөнүү тою 2016-жылдын күз мезгилинде өттү.

«Үйлөнүү тоюбузду 1 жыл мурун айына чейин белгилеп, план менен өткөрдүк. Планыбыздагыдай эле 2016-жылы баш коштук. Жолдошумдун үйүнө жаңы барганда уялчак болбосом да, тартынуу сезимдерим болгон. Айрыкча эсимде калганы келин көрөбүз деп коноктор үзүлбөй келип, алар кеткенден кийин үйүлгөн идиштер калган. Үйдөгүлөр бары уктап, мен жууп калганда келин деген ушул экен дегем. Күнүнө билген тамактарды бышырып жаттым. Менин тааныштарыма атам (кайын атасы) «келиним мыкты тамак жасайт» деп мактаптыр. Угуп алып абдан сүйүнгөм.

Учурда биз Талас шаарында турабыз. Апам (кайын энеси) китепканачы болуп эмгектенет. Бир күнү апам жумуштап Таласка келе жаткан экен. Мен күтүп туруп келе жатканын байкабай калып, шашып жүгүнбөй эле «саламатсызбы?» деп учурашыптырмын. Ошол учурда аябай уялып, башкача сезим менен жүргөм. Азыр күлүп эстей турган окуя болуп калды. Көптөр мени апама окшоштурушса сүйүнүп калам», - деди ал.

Асыл жеңе жакында апа болуу алдында турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1359
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу