Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Талас

Мекендештер: Таластык 20 жаштагы А.Анарбеков Москвада салаттын 60 түрүн жасап иштейт (фото)

Turmush -  Таластык 20 жаштагы Айбек Анарбеков Москва шаарында салаттын 60 түрүн жасап иштейт. Turmush басылмасынын кабарчысы аны менен таанышты.

Анын айтымында, Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында туулган.

«2013-жылы 9-классты аяктагандан кийин ашпозчу кесибин алып чыккам. Москва шаарына келгениме 1,5 жыл болду. Келгенде иштебеген жумушум калган жок. Кафелерге идиш жууп, жардамчы болуп иштеп жүрүп, ашпозчулукту үйрөнүп алдым. Азыркы учурда шаардык кафелердин биринде эмгектенип жатам. Айлык маянам 28 миң сом. 2 күн иштеп, 1 күн бош болобуз. Айлык акымды убагында алып турам. Иштеп жүрүп салаттын 60 түрүн жасаганды үйрөндүм.

Ал эми, бош убактымда достор менен жолугуп эс алам. Москва шаары абдан кооз шаар. Эли меймандос келет. Бирок мекеним Кыргызстанга жетпейт. Ал жакта аба таза, жери кенен. Буйруса мекениме сөзсүз барам. Бирок азыркы тапта иш кызуу жүрүп жаткан учуру. Тапкан маянамды үйдөгүлөргө салып, жардам берип турам. Пландарым абдан көп. Бишкек шаарынан там алып, унаа алып, максатым ишке ашканда кайтып барам», - деди ал.

Айбек үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 908
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×