Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Талас

Жаш талант: Таластык А.Айдакеева спорттун бир нече түрүнөн ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы 10-класстын окуучусу Айгерим Айдакеева чуркоо, волейбол, футбол, теннистен көптөгөн ийгиликтерди жаратууда.

Өзүнүн айтымында, спорттон тышкары бош убактысында бий бийлеп, ыр ырдаганды үйрөнүүдө.

«Мен спорт менен 2015-жылдан тарта машыгып баштадым. 2 жылдан бери көп жетишкендиктерге жетиштим. 2016-жылы волейбол, баскетбол, шахмат, тогуз коргоол боюнча команданын капитаны болдум. Район аймагындагы бардык чемпионаттарга катышып, алдыңкы орундарга жетише алдым. Мисалы, 2016-жылы жеңил атлетикадан облус боюнча 2-орундун жана эстафета боюнча 3-орундун ээси болуп кайттым», - деди ал.

Спортчу кыз облус аймагында күзүндө өтүүчү жеңил атлетика боюнча таймашка даярданып жатат.

«Биз үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. Атам фермер, апам мектепте мугалим. Улуу эжем милиция кызматкери. Агам Агрардык универститеттин энергетика факультетин бүтүргөн. Экинчи эжем ИИМ академиясында окуйт. Иним 4-классты бүтүрдү. Ата-энем бизге татыктуу тарбия берип, эрезеге жеткизип, жогорку билим алуубузга болгон күч-аракетин жумшап келет. Биз алардын ишеничин актоого аракет жасайбыз.

Атам спортко кызыгат футбол жана шахмат ойногонду жакшы көрөт. Апам жыл сайын райондо өткөрүлгөн мугалимдердин спартакиадасында шахмат боюнча алдыңкы орундарды ээлеп келет. Бир туугандарым дагы спортко жакын», - деди ал.

Айгерим Айдакеева машыктыруучусу Салыкжан Миршакировго ыраазычылык билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1083
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×