При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Таласта төө буурчак өстүрүүдө канча чыгым кетет?

Turmush -  Талас облусунда төө буурчак өстүрүүдө канча чыгым кетет? Бул суроого аймактык кабарчы жергиликтүү дыйкан М.Сатыбалдиевден жооп алды.

Анын айтымында, Таласта жер айдоого орточо эсеп менен 1500 сом жана 30 литр солярка керек. Быйылкы жылы айдоо мезгилинде солярканын 1 литринин баасы 35 сомду түздү. Жерди тегиздөө иштерине 5 литр күйүүчү май (150 сом) техникага 500 сом кетет.

Жерге төө буурчакты себүү иштерине техникага 1000 сом, 30 литр күйүүчү май кетет. Төө буурчактын уругуна 7 миң сомдон ашык каражат талап кылынат.

Жөөк салып, жерди жумшартуу ишине (культивациялоо) 500 сом, 10 литр күйүүчү май талап кылынат. Ал эми, 1 гектардагы төө буурчакты 10 адам 5000 сомго чабат.

Төө буурчакты дарылап, азыктандыруу үчүн орточо эсеп менен 5000 сомдон ашык каражат сарпталат.

Сугат иштерине 1 гектар төө буурчак үчүн 1500 сом кетет. Сугат иши төө буурчактын өсүү процессинде 5-6 жолу талап кылынат.

Төө буурчакты бышкан соң жыйнап алууда 7 адам 500 сомдон 3500 сомго иштейт.

Төө буурчакты техникага салып, сөңгөгүнөн түшүмдү бөлүп чыгаруу үчүн 10 литр күйүүчү май жана чыккан тоннасына жараша 50 кг төө буурчак кетет. Төө буурчак орточо эсеп менен 50 сом болсо, жалпы 2500 сом акча болот.

Ал эми, 1 гектар жердин жер салыгына 400 сомго чейин төлөнсө, бир жолу сугат суу үчүн 200 сомдон төлөнүп, жалпы 5 сугатта 1000 сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 878
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу