При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 23-июнь
68.83    76.88    1.14    KZT 0.21

Айыл турмушу: Таластык А.Сманалиева желим бөтөлкөлөр менен бала бакчаны кооздоду (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ынтымак айылынын 35 жаштагы тургуну Айсулуу Сманалиева колдонулган желим бөтөлкөлөрдү чогултуп, алардан кооз буюмдарды жасап, бала бакчанын ичин кооздоп чыкты. Чебер айым менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бала бакча жаңы ачылганда тарбиячылар ичин кооздоого аракет кылып баштадык. Жердештерибизден колдонулган желим бөтөлкөлөрдү чогултуп, формасына жараша бөлүштүрүп чыктык. Башка материалдарга караганда бөтөлкө арзан жана андан жасалган буюмдар кооз да болот. Алардан ар кандай формадагы гүлдөрдү, жаныбарлардын сөлөкөтүн жасап, аларды боёп чыгып, бала бакчанын ичин кооздодук», - деди ал.

Мындан тышкары, өзү караган тайпанын бөлмөсүнө жомок дүйнөсү бурчун түзгөн.

«Кичинекей кезимден бери сүрөт тартканга кызыгам. Мындан улам кооз сүрөттөрдү тартып, дубалдарга илип койдум. Балдар менен иштөөдө көп кырдуу адам, ошол эле учурда мыкты психолог болуу керек. Үй-бүлөдө 5 кыздын энеси болсом, бала бакчада 20дан ашык баланын апасымын», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 643
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×