Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Таластык Жеңишбек ата менен Сагынбүбү апа 27 жылдан бери орозо кармашат (фото)

Turmush -  Күндүн узунуна, абанын ысыгына көз жумуп, мусулмандардын беш парзынын бири делген орозо кармоого дитин койгондордун саны аз эмес. Алардын катарында Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылынын тургундары Жеңишбек Өмүрзаков менен Сагынбүбү апа орозо айын чыдамсыздык менен күтүшөт. Жеңишбек атанын орозо кармап келе жатканына 16 жыл болсо, Сагынбүбү апанын орозо кармаганына быйыл 27 жылдын жүзү болду. Алар менен аймактык кабарчы таанышты.

Жеңишбек атанын айтымында, байбичеси экөө орозо маалында жеңил-желпи жумуштарды жасап, небере-чөбөлөрү менен күн өткөрүшөт.

«Орозо кармагандарды сыйлап, ооз ачырса сообу өтө чоң. Пайгамбарыбыз "бир адам орозо кармаган бирөөнү сыйлап ооз ачырса, орозо кармаган адамдын сообуна тете соопко ээ болот" деп айткан экен. Андыктан бул айда ооз ачыруу чоң сооп болот», - деди ал.

Анын үй-бүлөсү жалпы коңшу-колоңдорду, тууган-туушкандарды ооз ачырууга чакырып, элдин батасын алышты.

«Кан басымым жогорулап ооруйм. Орозо кармаганда өзүмдү жеңил сезип, сакайып калам», - деди Сагынбүбү апа.

Жеңишбек ата менен Сагынбүбү апа 1971-жылы баш кошуп, 3 кыздын жана 3 уулдун ата-энеси болушкан. Учурда алар небер-чөбөрөлөрүнүн кадырлуу чоң ата, чоң апа жана таене, таятасына айланып, бактылуу карылыкты өткөрүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1181
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×