При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Бакай-аталык А.Барпиев 20 жылдан бери өтүкчү болуп эмгектенет (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Биринчи май айылынын 51 жаштагы тургуну Анараалы Барпиев 20 жылдан бери өтүкчү болуп эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, бут кийим тиккенди чоң атасынан үйрөнгөн.

«Кышкысын бир бут кийимди 500 сомго чейин оңдойм. Жайкысын 100-120 сомго чейин жасайм. Мага кышкысын кардарлар көп келет. Керектүү каражаттарды базардан сатып алам. Мисалы, жипти 50 сомго алам. Үй-бүлөмдү ушул иш менен багып келем», - деди ал.

А.Барпиев учурда жубайы Бүбайша менен 2 баланы тарбиялоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 580
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу