При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 23-июнь
68.83    76.88    1.14    KZT 0.21

Айыл турмушу: Бакай-аталык Т.Байтиков тарткан сүрөтүн 15 миң сомго баалайт (фото)

Turmush -  Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылынын 40 жаштагы тургуну Таалайбек Байтиков тарткан сүрөттөрүн 15 миң сомго баалап сатат. Сүрөтчү менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, бала кезинен эле сүрөт тартууга шыктуу болгон.

«Мен бала чагымдан бери сүрөт тартып чоңойдум. Кийин аскерде кызмат өтөп жатып да сүрөт тартып жүрдүм. Аскерден кийин С.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайына тапшырып, аны ийгиликтүү аяктадым. Менин сүрөттөрүмдүн көпчүлүк бөлүгү жаратылышка басым жасалган. Эмгектеримди 15 миң сомдон баалайм. Мага көбүнчө мектептен, музейлерден буйрутмалар түшүп турат. Эң жакшы деген сүрөттү бир жуманын ичинде тартып бүтөм. Болжол менен бир айда 3 сүрөт тартам», - деди ал.

Сүрөтчү керектүү боёкторду Бишкек шаарынан алдыртат.

«Боёктун бир кутусу 700 сом. Ал боёктор 3 сүрөттү боёгонго жетет. Мен сүрөттү салкын жана тынч жерде отуруп тартам», - деди ал.

Учурда Т.Байтиков жубайы Наргиза менен 3 баланы тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 588
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×