При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 23-июнь
68.83    76.88    1.14    KZT 0.21

Кара-Буурада 2,7 миң гектар жерге төө буурчак өстүрүлөт (фото)

Turmush -  Талас облусунун Кара-Буура районундагы айдоо талааларында өскөн төө буурчактар өз убагында сугарылып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга «Билим суу» суу пайдалануучулар бирикмесинин инженери Иманбек Асылбеков билдирди. Анын айтымында, буга чейин райондук суу чарба башкармалыгы жана суу бирикмелери тарабынан ири каналдар, ички арыктар тазаланып, айдоо аянттарына сууну жеткирүү үчүн тиешелүү иштер аткарылган.

Дыйкан Анаркул Качкынбаев айдоо аянттар өз убагында сугарылып, дыйкандардын чоң көйгөйү чечилгенин белгиледи. Анын 14 гектарга жакын жери бар. Ал бул жерге беде менен төө буурчактын лопатка сортун эккен. Жыл сайын айдоо талаасындагы чөптү малга тоют кылса, төө буурчактын түшүмүн базарга чыгарып сатат.

Кара-Буура райондук айыл чарба башкармалыгынын башчысы С.Узгеновдун берген маалыматына караганда, быйылкы жылы аталган райондо 22 миң 765 гектар жерге төө буурчак, 200 гектардан ашык жерге кант кызылчасы өстүрүлсө, 485 гектарга алма бак отургузулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 402
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×