Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Талас

Талас шаарында 11 миң түп гүл отургузулду (фото)

Turmush -  Быйыл Талас шаарынын көчөлөрүнө жалпы 11 миң 147 түп гүл отургузулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Талас шаардык коммуналдык чарба кызматынын жетекчиси Эркин Аскаров билдирди.

Анын айтымында, Талас шаарына жалпы 8 миң 200 түп петуния жана 2 миң 947 түп бархатцы гүлү тигилди. Жалпысынан Оторбаев-Нуржанов көчөлөрүнө 1084 түп, Оторбаев-Сарыгулова көчөлөрүнө 2402 түп, Оторбаев-Ломоносов көчөсүнө 963 түп, Оторбаев-Маяковский көчөлөрүнө 1811 түп, Фрунзе-Шевченко көчөлөрүнө 504 түп, Фрунзе-Ломоносов көчөлөрүнө 275 түп, Фрунзе-Маяковский көчөлөрүнө 555 түп, Сарыгулова көчөсүнө 1727 түп, Фрунзе көчөсүнө 2953 түп, борборлук аянтка 1520 түп, Ч.Айтматов аллеясына 1004 түп гүл отургузулду.

Гүлдөрдүн уругу күнөсканада адистер тарабынан өстүрүлгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1752
×