Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Талас

Айыл турмушу: Таластык Р.Кыдыралиев декоративдүү теректердин, жаңгактын көчөттөрүн көбөйтүүдө (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Чоң-Кара-Буура айылынын тургуну Разак Кыдыралиев декоративдүү тал-теректердин жана жаңгактын көчөттөрүн көбөйтүүдө.

Ал тал-теректердин түрлөрүн данегинен баштап өстүргөндүгүн аймактык кабарчыга айтып берди.

«Эки жыл мурун 5 сотых жерге данектен өндүрүлгөн жапайы алманын көчөтүн отургузгам. 2 жыл аралыгында ал бой тиреп өсүп калды. Жакынкы күндөрү аны башка мыкты сорттогу алмалар менен кыйыштырууну пландап жатам. Кийинки жылдары ижарага алган 15 гектар жерге алманын көчөттөрүн көчүрөм. Мындан тышкары, 5 сотых жерде шабдаалынын 300, Баткен өрүгүнүн 1 миңден ашык, грек жаңгагынын 600 даана данегинен көчөт өндүрдүм. Ошондой эле, бул жерде малинанын бир нече түрү дагы өстүрүлөт. Биздин аймакка малина көпчүлүк учурда башка облустардан алынып келип, жакшы баада сатылат. Мындан улам малинанын көчөттөрүн өзүбүз өстүрүп, аны көбөйтүү менен облус элине тартуулоону пландап жатам», - дейт дыйкан.

Ошондой эле, алар 4 гектар үлүш жерге төө буурчактан тышкары сабиз менен капуста өстүрүүнү пландашууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 944
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×