При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 23-июнь
68.83    76.88    1.14    KZT 0.21

Айыл турмушу: Таластык Ж.Шадыбеков 50 сотых жердеги помидордон 600 миң сом таза киреше тапты (фото)

Turmush -  Талас облусунун Кара-Буура районунун тургуну Жунусбек Шадыбеков көп жылдан бери дыйканчылык менен алектенип, каражат табуунун жолун жакшы билет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Учурда дыйкандын 4 гектар айдоо жери бар. Анын ичинен 1,5 гектарына төө буурчак, ал эми калган 2,5 гектар жерге жер-жемиштерди жана алма бактын көчөттөрүн отургузган.

«Быйыл Польшанын 3 сорттогу алмасынын жана 2 сорттогу алмуруттун 1,5 миң түп көчөттөрүн отургуздум. Алар азыркы тапта гүлдөп, мөмө байлады. Эми буюрса биринчи түшүмүн алам. Бул алма менен алмуруттун көчөттөрү башкалардан айырмаланып эрте түшүм берүү жөндөмдүүлүгүнө ээ экен. Базарда мындай алма менен алмурутка талап жогору. Мен бул бактардын ортосун 3 метрдей аралыкта отургузгам», - деди ал.

Ал мындан сырткары 50 сотых аянтка помидордун эрте бышуучу сортун тиккен. Ал 1 ай аралыгында бышып, базарга сатыкка чыгат. Өткөн жылы Ж.Шадыбеков 50 сотых жерге помидор өстүрүп, андан 600 миң сом таза киреше тапкан.

«Мен бул помидорлорду өзүбүздөгү гана базарларга эмес, Чүй жана Ош облусуна ташыгам. Быйыл помидордун уругун 23-мартта сээп, алардын сабы чыгып калганда талаага 14-майда отургуздум. Бүгүн айдоо талаадагы чөптөрдү арылтып, чабык иштери менен алек болуп жатабыз. Бизге жумушчулар жардам берип турат.

Дыйканчылыкты жаштайымдан үйрөндүм. Атам дыйкан болгон. Анын жолун улап, мен дагы ушул тармакта эмгектенип келем. Негизи агрономдук адистигин алып, дыйканчылыкты өнүктүрүп жакшы каражат тапса болот», - деди ал.

Ж.Шадыбеков 50 сотых жерге дарбызды да өстүрүп көрүүнү чечкен. Анын айтымында, башка райондорго салыштырмалуу Кара-Буура районунда дарбыздар массалык түрдө өстүрүлүп, түшүмү жакшы, даамы ширин болот. Ошондой эле, ал 800 түп кара өрүктүн жана алмалардын түрлөрүн да өстүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 701
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×